www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Радикалдык топтордун курмандыктары – жаштар, өзгөчө эне сүтү оозунан кете элек балдар. Жаш туруп мындай коркунучтуу топтордун курмандыктары болуп жатканын себебин бүгүнкүгө дейре эч ким так түшүндүрүп бере албайт. Өзүбүз жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында туура эмес тарбия алган бала - радикалдык топторго кирээрин аныктадык.

Биздикелер балдарын кантип тарбиялайт?

Биринчи ката – ашыкча тыюу салуу

Кичинекей кезинен баштап ата-эне жетиштүү көңүл бурбайт. Балага тарбия берип жатканда ортодогу чекти карманбай, аша чаап урушат же эркелетет.  

Мисалы, бала бир нерсени сындырып алды дейли. Ошол маалда ата-эне ажыдаарга айланып, буюмду баладан артык көрөт. “Адам болбой койдуң”, деген сөздөр менен намысына шек келтирет.

Балага көп тыюу салып “Сен бокту дагы көрө элексиң. Мен айткандай болот”деген эгоисттик мамиле менен баланын жолун бууп, багыт көрсөтпөйт, өздүгүн өлтүрөт.

Чоңое баштаганда, “элдин балдары” деген принципке таянып, кошуналардын балдарына салыштырып, ансыз да кичинесинде жабыркап калган жандүйнөсүн талкалайт.

Тыюу салуудан чарчаган бала үйгө тургусу келбей калат, качат, кеч келет.

Ата-эненин мээримине, жакшы сөзгө муктаж болуп турган бала радикалдардын туткунуна түшөт.

Экинчи ката – ашыкча эркелетүү

Жаш кезинен баланы чолчоктотуп, бөпөлөп, көзүнүн кареги менен тең айланышат. Бала 15-16 жашка чыкканда ата-энеси кичине эле урушуп койсо, туура эмес түшүнүп, тултуңдап баштайт. Ата-энесинин сөзүн кулак үстүнөн өткөрүп, каалаганын жасап олтуруп, радикалдардын торуна илинет.

Изилдөөбүздүн жыйынтыгы - ата-эненин туура эмес мамилеси баланы радикалдык топторго түртөт.

Радикалдардын курмандыктары:

Жандүйнөсү суусап, руханий жактан колдоого муктаж бала;

Өзүнө болгон ишеничти жогорулаткысы келген бала;

Бөтөн кишиден колдоо издеген бала;

Жеңил ойлуу бала.

Радикалдын иш-аракети:

Кордук көргөн чөйрөсүн душман катары таанытып, баланын ичинен агрессия жаратат.

Акча табуу максатында каралар менен биригип алып, эч нерседен кабары жок балдарды кооптуу иштерге жумшашат.

Урматтуу, ата-эне эгерде балаңыз туура эмес жолго түшүп кетпесин десеңиз, эч качан уруп-согуп тарбия бербеңиз. Жөнөкөй сөздөр менен жашоону таанытканга аракет жасаңыз!

Булак: "Билесиңби"

Последние новости