www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Колумбиянын түндүк-чыгышында учак кырсыгынан он беш адам каза болду. Бул тууралуу ССN агенттиги 28-январда Колумбиянын Жарандык авиация башкармалыгынын (Aerocivil) басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.
Булактын маалыматы боюнча, мамлекеттик SATENA авиакомпаниясы тарабынан башкарылган учак Кукутадан Окана муниципалитетине учуп бара жаткан. Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:42де учуп чыгып, акыркы жолу аба кыймылын башкарууга саат 11:54тө байланышып, жоголуп кеткен. Кийинчерээк SATENA учакты издөө башталганын билдирди.
"Шаршемби күнү Колумбиянын түндүк-чыгышында бортунда 15 жүргүнчүсү бар учак кулап түштү. 13 жүргүнчүнүн жана эки экипаж мүчөсүнүн арасында аман калгандар жок", - деп айтылат билдирүүдө.