www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин жана АКШнын Юстиция министрлигине караштуу (DEA) Баңгизаттарды көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө айрым кылмыш иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү маселелери, анын ичинде өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн тартиби жана практикалык аспектилери талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатында DEA менен түздөн-түз кызматташууну өнүктүрүү, маалымат алмашуу жана компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар транс улуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө натыйжалуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин тастыкташты.