www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 17-апрелинен 18-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында  баары болуп – 26 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 10 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү.  Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Жалал-абад жана Сузак аймагы боюнча коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 1538 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 5 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 112 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 104 автоунаа айып аянтчасына коюлган.
Ошонджой эле комендант  Жеңиш Жоробеков коомчулукка кайрылуу жасады.

“Урматтуу мекендештер, учурда саламаттык сактоо багытында жакшы жаңылыктар бар, ылайым эле ооругандар болбосун, биз жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жооптуубуз, андыктан баарыңыздарды ден соолукту сактоого чакырамын”,-деди Жеңиш Жоробеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости