www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын коменданты Жеңиш Жоробеков ТВдан маданияттуу сүйлөгөнүнө, интеллигент экенине күбө болуудабыз. Ал опер кезинде юридика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Кезинде Карабахка чейин согушка барганын, Түркиядан эрежесиз эр урушка чыгып, кыргыздын намысын коргоп жүргөнүн көптөрү биле бербесе керек деп

Жеңиш Жоробеков Түркиядагы милициянын жогорку академиясын артыкчылык диплому менен бүтүп келген. Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуулукка каршы опер болуп иштеп, көптөгөн бандиттерди өз колу менен кармап, өлкөбүздүн бейкуттугу үчүн иштеген. Бул жагынан эрдиктери арбын. Беш-алты жигитти жапыра чаап эле басып кетчү тура. Ал тартипти сактоо, коопсуздукту камсыз кылуу таризинде кыйла кызмат кылган да. Бир катар региондордо жана Бишкекте жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Башкаларга белгисиз бир купуя маалыматты ортого салалы. Жеңиш мырза табиятынан карылуу, катуу мушташкан жигит. Тубаса палван. Оңой менен ачууланбайт, эгерде жини келсе, анда токтотуу кыйын. Миша деген досуна далай болушуп жүргөн. Көпчүлүгүн бурап, муунтуп, же учура чапканын көргөнбүз. 2010-жылдан кийин Таалай Дегенбаев, Капар Батырканов, Рафик Мамбеталиев, Мирлан Каниметов, Канат Жумагазиев, Улан Ниязбеков ж.б. полковниктерди аз жерден урбай калганын билгендер саймедирешүүдө. Ал эми чүкөдөй болгон генералдарды чыпалагы менен эле мурундарын канатып коеру ажеп эмес. Себеби, муштуму кувалда... Биздин баатырдын устаты ким дебейсиздерби? Албетте, айтылуу Пармаш да!

Кыскасы, Жеңиш Жоробеков ар тараптуу инсан, эң башкысы, мекенчил азамат! Мындан ары да элибизге ак кызмат кыларынан ишеним чоң!

Жогорудагы Жеңиш Жоробеков тууралуу маалымат Aryba.kg сайтынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости