www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 4-апрелинен 5-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 12 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен - 3 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймакка тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасы Жеңишбек Жооробеков NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
Мындан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 183 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 2 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШИИБге жеткирилген. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында жалпы – 295 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн.
Ага кошумча аталган аймактардан жалпы - 292 автоунаа кармалып (өзгөчө абал киргизилгенден тартып), айып аянтчасына коюлган.
Комендант Жеңишбек Жоробеков жарандарга кайрылуусу төмөндөгү текстте:
"Урматтуу Жалал-Абад областынын тургундары жана коноктору! Биздин негизги максат дүйнө жүзүндө тарап жаткан илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун сактоо болуп эсептелет.
Суранарым биз тараптан көрүлгөн чараларга жана чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактап өзүңүздөрдүн ден соолугуңуздарга кам көрүүгө чакырамын.
Тартип, ынтымак жана тазалыкты сактоо менен - бул илдетти жеңебиз!", -деп Жеңишбек Жоробеков айткан.
Булак: NazarNews.kg