www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус эпидемиясынан улам Индонезиядагы айылдардын биринде ыктыярчылар жергиликтүү тургундар коркуп, сыртка чыкпасын деп "арбакка айланууга" аргасыз болушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Индонезиянын Ява аралындагы Кепух айылында болгон. Айыл бийлиги март айынын аягынан тарта элди коркутуп, үйлөрүнө киргизиш үчүн арбак сымал кийинген ыктыярчыларга жардам сурап кайрыла баштаган.

Белгилей кетсек, Индонезияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 4500гө жетип, андан 400 киши көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости