www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев Нарын районундагы блок посттордун жана шаар ичиндеги фильтрациондук  посттордун абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралууу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда аталган жайда кызматта тургандарга түзүлгөн шарттар жана көйгөйлөр айтылды. Посттордо 10дон ашык тиешелүү кызматкерлер күнү-түнү автоунаалардын кыймылын жөнгө салып жана жөө жүргүнчүлөрдүн саламаттыгы үчүн кирпик ирмебей иш алып барышууда.

Маселен ар бир коюлган посттордон райондорго, айылдан шаарга, ооруган бептаптар  кош бойлуу айымдар эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө. Ошондой эле карапайым калктын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардамдар, күйүүчү май, азык-түлүк, дары-дармектер ж.б да өз убагында айылдарга жетүүдө.

Мындан сырткары шаар ичинде уюштурулган жашылча жер-жемиш сатуучу көчмө жайлар жана дарыканалар текшерилип, сатылып жаткан жер-жемиштердин наркы көтөрүлбөй, баасы туруктуу сакталууда.

Нарын шаарынын жана  Ат-Башы районунун коменданты ар бир посттогу абалды текшерүү учурунда  кызматкерлердин атайын коргонуучу кийимдерин, санитардык тазалыгын, тамак-ашына чейин көңүл буруп, өз коопсуздукту сактоону да баса белгиледи.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости