www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өтө жашыруун коом «Комитет 300дүн» башкы максаттарынын бири: «Оорулуулар менен карыгандарды эвтаназиялап же оорутпай өлтүрүп, калктын санын дүйнөдө миллиардка түшүрүү». Булар калктын санын азайтыш үчүн нике кыйышты таптакыр жок кылышат. Секс эркин болот, 20 жаштан өйдө аялдар эки бала төрөшү мүмкүн, андан соң сактанышы зарыл. «Комитет 300дүн» Дүйнөлүк Өкмөтүндө ар бир аял тууралуу персоналдуу досье жазылып, эки баладан кийин боюна бүтсө, аны боюнан алдыруу үчүн клиникага кыйноо жолу менен жөнөтөт жана экинчи төрөбөгөндөй «стерилизациялайт». Эгер бул эрежеге баш ийбесе катуу жазаланат.

Балдарын болсо наристе кезинде эле ата-энесинен ажыратып мамлекет өзүнчө багып, тарбиялайт. Балдардан бул комитеттин сөзүн гана сүйлөгөн «зомбилер» чыгышы керек. Ушундай жол менен балдардын санын азайтып отуруп, оорулуулар менен карыгандарды оорутпай өлтүрүп, согуш жана ачарчылык менен дүйнөдө  калктын санын 1 миллиардка түшүрүү керек. 7 миллиард пайдасы жок «тамак-аш жегичтер» 2050-жылга чейин согуштун, эпидемиянын жана ачарлыктын айынан кырылып жок кылынат.

«Комитет 300дүн» Дүйнөлүк Өкмөтүндө порнография кеңири таралган, ар бир кинотеатрда милдеттүү түрдө гомосексуализм жана лесбия аралашкан порнофильмдер көрсөтүлүп турат. Ошону менен бирге баңги заттар кеңири таратылып, колдонуу үчүн чек болбойт. Ар бир адамга милдеттүү түрдө квота менен наркотиктер бөлүнөт. «Комитет 300дүн» Дүйнөлүк Өкмөтүндө баңги заттар дүкөндөрдө кенен сатылат. Баңги заттарды тамакка, сууга эч кимден уруксат албай кошушат. «Комитет 300дүн» Дүйнөлүк Өкмөтүнүн агенттеринин көзөмөлүндө наркотикалык барлар уюштурулап, көз каранды болуп бараткан элдер кул сыяктуу адамдарга айланышат. Ушундан улам көпчүлүк масса өз эрки менен тез башкарууга мүмкүн болгон үйрөтүлгөн айбанга окшоп калышат.

Орто класс жок болот. Бир гана башкаруучулар менен аларга кызмат кылышкан «кул» сыяктуу жандыктар калат. Бардык мыйзамдар жок кылынат. «Комитет 300дүн» Бирдиктүү Дүйнөлүк Өкмөтүндө бир гана алар көздөгөн мыйзамдар болот. Өлкөлөр жок болот, Куралдуу күчтөр тартипти сакташат. Ким «Комитет 300 дүн» Дүйнөлүк Өкмөтүнө кызмат кыла турган болсо ага өмүр берилет, ким каршы болсо, ким өлтүргүсү келсе ошол адамга «мишень» болуп берет. Курал алып жүрүүгө жөнөкөй адамдарга тыюу салынат.

«Комитет 300дүн» Дүйнөлүк Өкмөтүндө бир гана дин болот. Сатанизм, люциферианчылык жана кара магияга уруксат берилет. Ар бир адамга ал «Комитет 300дүн» Дүйнөлүк Өкмөтүнүн жараны экени мээсине куюлат.  Ар бир адамды идентификациялап, ар бирине  идентификациялык номер тагат, азыркыча айтканда чиптештирет. Бул идентификациялык номерлер Бельгиянын борбору Брюсселде НАТОнун файлына жазылып, «Комитет 300 дүн» Бирдиктүү Дүйнөлүк Өкмөтүнө керек болгон учурда текшерилип турат.

Бардык байлык «Комитет 300дүн» Бирдиктүү Дүйнөлүк Өкмөтүнүн колуна чогултулат. Өнөр жайы толугу менен жок кылынат. «Комитет 300дүн» Бирдиктүү Дүйнөлүк Өкмөтүнүн мүчөлөрү гана жер ресурстары камсыз болот. Айыл чарбасы толугу менен «Комитет 300дүн» Бирдиктүү Дүйнөлүк Өкмөтүнүн карамагында болуп, азык-түлүк катуу көзөмөлдөнөт. Бардык фармацевтикалык продукттар, дабагерлер катталышып, медициналык жардам тиешелүү адамдарга гана берилет.

Булак: NazarNews.kg     

Последние новости