www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына суракка чакырылды. Ал бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда "Ата - Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди.
"Мен шайлоочулардын талабын айтсам, азыр прокуратура бизге кысым көрсөтүп жатат. Бүгүн Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан чалып, келбесеңиз, анда күч менен алып келебиз деп жатышат.
Башкы прокуратурага тергөөнү бергенден кийин, алар күчтүү мекеме болуп кетти. Кылмыш ишин өздөрү козгойт, өздөрү тергейт, өздөрү кааласа токтотот, кааласа кайра козгойт, анан өздөрү сотко барып, жаза мөөнөтүн сурашат. Бул жерде анык коррупциялык кызыкчылык бар. Ошондуктан, тергөө органы өзүнчө болуш керек. Орусиядагыдай тергөө башкармалыгы президенттин алдында болушу керек деп айткам", - деди Токторбаев.
Эскерте кетсек, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакыртылган. Ага чейин аталган депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан.
Сурактан чыккан Жеңиш Токторбаев социалдык тармактагы баракчасына:
"Мени мындай жолдор менен коркутуп токтото албайсыңар. Мен сенден эмес Жараткандан жана эл алдында берген антымдан гана корком! Кимдин-ким экенин, кайсыл жактан, кантип дем алганын өтө жакшы билем. Мындай иш аракеттердин арты жакшылыкка жеткирбесин эскертем.
Өткөн күндөргө сарасеп салып, бүгүн ким экениңди унутпоо үчүн Шералынын чокоюн төрүңө илип кой. Бул бүгүн башкы прокурор болсоң эртең адвокат болуп калбашыңа жардам берет". - деген өңүттө пост жазып, бирок бир нече убакыттан соң өчүрүп салган.
Ал эми, кечээ, 1-декабрда депутат Токторбаев бийликтин өкүлдөрүнө кайрылуу жасаган.
Булак: NazarNews.kg