www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Граждандык кодексине”, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.
Демилгечи — Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Жыйында экономика жана коммерция министринин орун басары баяндама жасап, мыйзам долбоору турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүүгө багытталганын билдирди. Анын айтымында, документ камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун чыңдоого жана жарандардын социалдык корголушун күчөтүүгө шарт түзөт.
Талкуу маалында депутаттар жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн мөөнөтү менен кенемтенин көлөмүнө кызыгышты.
Маалыматка ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн максималдуу суммасы шаар жеринде 1 миллион сомду, ал эми айыл жергесинде 500 миң сомду түзөт. Төлөмдөрдү берүү мөөнөтү бир айга чейин белгиленген.
Мындан тышкары, комитет жыйынында «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору да экинчи окууда колдоого ээ болду.
Бул мыйзам долбоору монополияга каршы органдын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин укуктук жактан жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган.