www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Коргоо министрлиги 19-майдан 21-майга чейин “агрессивдүү коркунуч шартында өзөктүк күчтөрдү даярдоо жана колдонуу” темасында Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн машыгууларын өткөрүүдө.
Машыгууларга 64 миңден ашуун аскер кызматкери, 7 миң 800дөн ашык курал-жарак, аскердик жана атайын техника, анын ичинде 200дөн ашык ракета комплекси жана сегиз стратегиялык суу астындагы кеме катышууда.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн өзөктүк машыгууларынын максаты — душманды токтотуу боюнча аракеттерди машыгуу жана катышкан аскерлердин даярдык деңгээлин текшерүү.
Бир күн мурда Беларуста да өзөктүк куралды согуштук колдонуу боюнча машыгуулар башталган.