www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.
Демилгечи – министрлер уабинетинин Төрагасы.
Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу болуп саналат. Тышкы саясий маселелер боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жөнгө салынат.
Талкуу маалында депутат Чолпон Эсенаманова тышкы саясат маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн практикалык ишке ашырылышына байланышкан суроолорду узатты.
Муну менен катар Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоору 16 жашка толо элек Кыргыз Республикасынын жарандарына жарандык жалпы паспорт берүү тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Жыйында комитет төрайымы Эльвира Сурабалдиева негизги баяндамачыдан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү комитеттин ишине онлайн форматта катышып жатканын белгилеп: «Бул пилоттук долбоор Төрага Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген Жогорку Кеңешти санариптештирүү ишинин алкагында ишке ашырылууда», – деди.