www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилде коомдук маанай өзгөрүп, айрым жарандар өлкөдөн кетүүнү караштыра баштады. Израилдеги 15-каналы билдиргендей, акыркы убактарда коом ичинде ар кандай маанайлар байкалып, айрым жарандар келечегине байланыштуу суроолорду көбүрөөк коё башташты. Социалдык тармактарда чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган жана мындай чечим кабыл алган адамдардын пикирлери көбөйгөн.

Байкоочулардын айтымында, мындай тенденцияга бир гана коопсуздук маселеси эмес, ошондой эле экономикалык шарттар жана жарандардын психологиялык абалы да таасир этүүдө. Кээ бир тургундар узакка созулган чыңалуу коомдогу чарчоону күчөтүп, келечекке болгон ишенимге таасир берип жатканын белгилешет.

Ошол эле учурда эксперттер бул көрүнүштү коомдогу убактылуу маанайдын өзгөрүшү катары да баалашып, өлкөдөн кетүү тууралуу талкуулар ар дайым эле реалдуу аракеттерге айлана бербесин эскертишет. 

Бирок, телеканал белгилегендей, көпчүлүк израилдиктер бул жерди эми өз мекени катары көрбөй калды. Көптөр бул жерде жашагандан көрө кетүүнү тандап жатышат.

Последние новости