www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Масалиев: Айдарбековго мандат берилиши керек

Мурдагы депутат Исхак Масалиев Чыңгыз Айдарбековго мандат берилиши керектигин Фейсбук баракчасында жазды.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын Айдарбековдун “мурдагы жашоосунан” кошумча маалымкаттарды талап кылуусу суроолорду жаратып жатканын айтты.

Масалиев Айдарбеков буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп, бардык зарыл болгон процедураларды аткарганын эске салды.

“Мыйзамды каалагандай чечмелөөгө болбойт. Болбосо, оюн жүрүп жатканда эрежелер өзгөрүп кетеби?”, - деп суроо салды ал.

Масалиев процессти кечеңдетүү мыйзамдын өзүн жокко чыгарат жана шайлоого болгон ишенимди төмөндөтөт деп эсептейт.

Последние новости