www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети 27-январда мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч ырды укту. Депутаттарга текст музыкасы менен чогуу аткарылган варианттар угузулду.

Жыйынга мамлекеттик гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү да катышты. Комиссия мүчөлөрүнүн бири, музыка таануучу Чынара Үмөталиева гимндин текстин да, музыкасын да тандоо оңойго турбаганын, буга чейинки келген варианттардын баары жарабаганын белгилеп, азыркы гимнди калтырууну айтты.

- Бир жыл отурдук. Бизге келген бир да долбоор жараган жок. Тексти да, музыкасы да жараган жок. Тандалган үч тексттин музыкалары салмактуу болгону менен тексти ага ылайыксыз. Ошондуктан, азыркы гимнибиз буларга салыштырмалуу кыйла салмактуу, аны чоң-чоң акындар жана таланттуу композиторлор жараткан, - деп белгиледи.

Комитет төрагасы Курманкул Зулушев аткарылган үч варианттын бири да учурдагы гимнге жетпей жатканын белгилеп, комитет да так ушундай чечим чыгарганын билдирди.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев гимн башка ырлардан башкача болуштугун белгилеп, учурдагы гимн өз кызматын аткарып бүттү деген пикирин айтты. Ал үчүнчү вариантты сунуштады.

Комитет натыйжада сынактын жыйынтыгы менен тандалып алынган үч варианттын баарын четке какты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимн сынагына жалпы 900дөй долбоор келгенин билдирген.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан. Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

 

 

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын кароо маселеси боюнча комитеттин чечиминин долбоору каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү катышты.

Комитет төрагасы Курманкул Зулушев парламенттин кароосуна Мамлекеттик гимндин тексти жана музыкасынын үч варианты сунушталганын билдирди. Өз кезегинде министр Мирбек Мамбеталиев комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берип, бир жыл ичинде келип түшкөн бардык чыгармалар кылдат каралып чыкканын, жыйынтыгында үч вариант тандалганын айтты. Комиссия мүчөлөрү Чынара Үмөталиева жана Сыртбай Мусаев бул тапшырма өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын белгилеп, ар бир композитор эле гимн жаза албай турганын кошумчалашты.

Талкуу маалында Курманкул Зулушев сунушталган үч вариант тең мазмуну, тексти жана музыкалык жактан азыркы гимнден жогору эмес экенин, ошондуктан аларды толук кандуу чечим катары кароого мүмкүн эместигин белгиледи.

Депутат Нурланбек Азыгалиев да гимн жарандардын духун көтөрүп, жалпы баалуулуктарды эске салуусу керектигин айтып, сынакты улантып, мазмуну жана көркөмдүк деңгээли жогору болгон жаңы чыгармаларды сунуштоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Жыйынтыгында комитет Жогорку Кеңешке гимндин тексти жана музыкасынын сунушталган үч вариантын тең четке кагууну сунуштады.

Последние новости