www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоор үй-бүлөлөргө социалдык колдоону кеңейтүүгө жана жөлөкпул дайындоодо мүлктүк чектөөлөрдү жоюуга багытталган.
Демилге демографиялык саясатты күчөтүү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Негизги сунуштардын бири бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөкпулду 2026-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн үчүнчү же андан кийинки балдары бар, учурда үч жашка чыга элек үй-бүлөлөргө да жайылтуу. Долбоордун авторлорунун айтымында, бул бийик тоолуу райондордун бардык тургундары үчүн тең шарттарды камсыздайт.
Ошондой эле жөлөкпул дайындоодо «мүлктүк текшерүүдөн» толук баш тартуу сунушталууда. Мындан ары үйдөгү тиричилик техникасы, мал-жан, унаа же башка мүлк жардам алууга тоскоол болбойт. Негизги критерий катары үй-бүлөнүн жалпы кирешеси гана эске алынат.
Мыйзам долбоорунда «Баатыр эне» наамына ээ болгон энелерге ай сайын 5 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм берүү да каралган. Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө мындай наамга ээ 31 миңден ашуун аял бар.
Мындан тышкары, универсалдуу принцип киргизилүүдө. Жөлөкпул 12 жашка чейинки бардык балдары бар үй-бүлөлөргө берилет. Эгерде үй-бүлө муктаж деп табылса, анда жөлөкпул балдар 16 жашка чыкканга чейин төлөнөт.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылды. Коомдук талкуу аяктагандан кийин документ парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.