www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстан менен бир эле учурда Япониянын салык мыйзамдарынын ортосундагы өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарындагы улуттук жоболорду чагылдыруучу бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу үчүн зарыл.
Андан тышкары, жыйында «2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Санарип экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.
Макулдашуу электрондук сооданы, экспресс-жеткирүүнү, жеке маалыматтарды жана электрондук коммерция чөйрөсүндөгү бизнес-коомчулуктун ортосундагы кызматташтыкты коргоону камтыйт.