www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«The Guardian» басылмасынын жазганына караганда, Пакистандын Лахор провинциясындагы Бахавалпур шаарында Facebook баракчасындагы комментарийи үчүн 30 жаштагы Таймур Раза (Taimoor Raza) өлүмгө өкүм кылынды.
Басылманын маалыматы боюнча, Таймур Раза дагы бир Facebook колдонуучу (ал терроризмге каршы күрөшүү боюнча департаменттин агенти экен) менен дискуссия учурунда суннит диний ишмерлери, Мухаммед пайгамбардын аялдары тууралуу жаман сөздөрү жазган.
Натыйжада, Пакистандын соту шиит азчылыгына таандык болгон Разаны дарга асууга өкүм кылды. Бүгүнкү күндө бул социалдык түйүндөрдөгү комментарий үчүн чыгарылган эң каардуу өкүм болуп саналат.
Булак: “АЗИЯnews”