www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан социалдык объектинин жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө, «Биримдик-Кут» конушунун башкы планында мектептин орду катары көрсөтүлгөн жер тилкеси үчүнчү тараптын жеке кызыкчылыгында коммерциялык багытта иштетилип келгендиги аныкталган.
Социалдык объектинин жерин мамлекетке кайтаруу максатында, райондук көзөмөл органы прокурордук акты келтирип, анын негизинде 58 млн 175 миң сомдук 1,79 га жер аянты, Лебединовка айыл өкмөтүнө кайтарылып, учурда муниципалдык мектеп куруу пландаштырылууда.
Булак: NazarNews.kg