www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрдан баштап пенсияны көтөрүү маселеси каралууда

2022-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын өлчөмүн 50 пайызга жогорулатуу боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан.

“Соцфонд эсептөөлөрдү жасап, министрлер кабинетине документтерди жибердик. Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Пенсиянын орточо өлчөмү январга карата 6 миң 100 сом болуп турса, алдын ала эсептөөлөрүбүз боюнча, октябрдан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда. Азырынча каралып жатат, октябрга чейин убакыт бар, кирешеге карап бул көрсөткүчкө кайра кайтабыз”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости