www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда азык-түлүк тартыштыгы күтүлбөйт, бирок Украинадагы окуялар жана Орусияга салынган санкциялардан улам баалар көтөрүлүшү мүмкүн. Бул туурасында Ак үйдүн экономика боюнча кеңешчилер тобунун башчысы Сесилия Роуз айтканын РИА Новости жазды. "Дефицит болот деп күткөн жокпуз, себеби биз, негизинен, экспортёрбуз. Бирок дүйнөдө буудайдын экспортуна көз каранды болгон аймактар бар экендигин билип турабыз", — деди ал журналисттер үчүн уюштурулгун брифингде.

Роуз - Орусиянын мунай затын сатып алуудан баш тарткандыктан АКШдагы күйүүчү майга болгон баага санкциялардын "бир топ таасирин" бийлик байкап жаткандыгын да айткан. "Биз аны менен катар жер семирткич жана энергоресурстардан улам (алардын бааларынын өсүшү) азык-түлүктөгү дагы өзгөрүүнү көрүшүбүз мүмкүн", — деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости