www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кризистен, коронавирус пандемиясыан чыкса болот, бирок билимсиздик – бул караңгычылык, бул – катастрофа. Мындай пикирин жаш ишкер Нурсултан Кубанов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Бизден кичүү муун боюнча.
Урматтуу инилерим жана карындаштарым. Жыл сайын мен аймактарды кыдырып, жаштар менен жолугушуп келем, тилекке каршы абал чатак. Билимге умтулган жаштар аз, көбүнүн ата-эненелери чет жакта, мектепте болсо дагы деле эски система калптанып, же үйдө же мектепте жакшы тарбия, билим жок.
Сенин максатың эмне десем? Айфон 13 же камри 70 деп жооп беришет, көбүңөр шашасыңар, жаңылышасыңар, баарына бат жана эрте жетишкиңер келет, бирок жашоо башкача, билимге умтулайын деген оюңар жок.
Абдан коркунучтуу абалда турабыз, мындай темп менен кетсек, билимсиздер көбөйүп, эрте эле радикалдашып, жаштар ар түрдүү мыйзамсыз жолдорго барат. Азыркы абал «чепуха» болуп калат. Кризистен, коронавирус пандемиясынан чыкса болот, бирок билимсиздик – бул караңгычылык, бул – катастрофа. Бул жактан чыгуу жол жок.
Бизде азыр бир эле жол бар, бул билимге умтулуу, 11-классты бүткүчө жок дегенде жанталашып, англис тилин үйрөнүп алсаңар, билимдүү болсоңор, ошондой камриден онду, айфондон 100дү ала аласыңар.
Быйыл 11-классты бүтүп жаткандарга кеңешим, силер өзгөчө туура жолду тандагыла, 4 жыл бат эле өтөт, чоңойосуңар, үй-бүлө күтөсүңөр, ошондо анан жашоо башталат, андыктан жаштагыңарды эс алганга, клубтарга барганга жумшаганы силердин акыңар дагы жок болуш керек.
16-25 жашка чейин ар бир адамдын маанилүү этабы, ошого шашпай, билимиңерге басым жасагыла, алдыга умтулгула, максат койгула жана татынгыла, ошондо кана Кудай дагы көрүп силерге берекесин берет. Ойлонгула жаштар, ойгонгула. Аягына чейин окугандар, жаштар үчүн бөлүшүп койгулачы!», - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg