www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көмүрдү 5 000 сомдон кымбат саткандар аныкталып, айып салынды

Бишкек шаарынын Октябрь жана Свердлов райондорунда көмүрдүн бир тоннасын 4800 сомдон 5200 сомго чейин сатып жаткан жеке ишкерлер аныкталды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, өлкөдө көмүрдүн наркынын өсүү темпин кармап туруу боюнча өкмөттүн токтомун аткаруу максатында агенттиктин кызматкерлери Чүй менен Бишкек шаарындагы көмүр саткан жайларды кыдырып, мониторинг жүргүзүшкөн.

"Жыйынтыгында Бишкектин Октябрь жана Свердлов райондорунда көмүрдү 4800 сомдон 5200 сомго чейин сатып жаткан жеке ишкерлер аныкталды. Аларга административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды. Ошондой эле бир ишкерге эскертүү берилди", — деп айтылат маалыматта.

Агенттик мындай иштер күндө уланарын жана мониторинг жүрүп турарын эскертти.

Эске салсак, буга чейин мамлекеттик агенттик көмүрдү кымбат саткандардын үстүнөн кайда арызданса болорун айтып, телефондорун жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости