www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва менен Минск интеграциялык декретке кол койду

Орусия жана Беларус лидерлери 4-ноябрда Союздук келишимдин интеграциялык декретине кол коюшту. Орус маалымат каражаттары - документке сентябрда жактырылган 26 программа камтылганын билдирет. Андан тышкары, онлайн жыйында Владимир Путин менен Александр Лукашенко бирдиктүү аскердик доктринаны бекитишти. Кол коюу учурунда аннексияланган Севастополь шаарында жүргөн орус президенти Москва менен Минск "ички иштерге кийлигишүү аракеттерине чогуу туруштук берүүнү көздөйт", Орусия "бир тууган беларус элине жардам берүүнү улантат", - деп белгиленди.

Союздук программаларга саясий интеграцияга байланышкан демилгелер кирген жок.

Интеграцияны тереңдетүү сүйлөшүүлөрү былтыр Лукашенко президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларды күч менен баскандан кийин жыйынтыктоочу мезгилине кирген. Беларус оппозициясынын айрым өкүлдөрү Лукашенко Москванын колдоосуна ээ болом деп, өлкөнүн суверенитетинен баш тартышы мүмкүн деп чочулайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости