www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликке келген мурдагы ажолордун бир туугандары, жакындары, шылуундар тарабынан алынган кыймылсыз мүлктөрдүн көбү мамлекетке кайтарыла элек. Болгону Кадыржан Батыровдун кээ бир элдин көзүнө көрүнүп калган мүлктөрү араң алынды. Өткөндө Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндөгү Бакиевдерге тиешелүү үй социалдык өнүктүрүү министрлигине берилгени болбосо калган көмүскөдөгү кыймылсыз мүлктөрдүн эсеби тактала элек.
А чындыгына келсек Жанышка, Акматка, Адылга, Максимге тийиштүү мүлктөрдүн кайсынысында азыр кимдер жайланышып алганы боюнча маалыматты ким бере алат? Эч ким. Буга окшогон шырылдап эле акча түшүп турган берекелүү жайлардын үзүрүн кайсыл эпчилдер көрүп жатканын эл билбейт. Ал эми пансионаттардын, тойканалардын, унаа сатуучу жайлардын, базарлардын каймагын кимдер шыпырып жеп жатканын билебизби? Жок. Качып кеткен Мелис Мырзакматовдун деле кыймылсыз мүлктөрүнөн күнүгө шуулдап акча түшүп жатканы жалганбы? Депутат болуп маңкайып отурган көпөстөрдүн мышыгын эми ким пыш деп үркүтө алат? Далай бала бакчалар, заводдор, фабрикалар, клубдар, стадиондор ит бекерге сатылганы боюнча маалыматты качан ачыктап эл таразасына чыгарабыз? Эмнеси болсо да элдин шыбагасын элге берүүгө мезгил келди. Муну ак үйдөгүлөр козгоп чыкса, күч түзүмдөрү аргасыздан кыймылга келет. Мындай тобокелчиликке барууга булардын акыбалы жетеби? Ошол эле прокурорлор, генералмын деп крыша болгондор, атка минерлердин эмне бир жери элдикинен акпы? Жетишет, көмүскөдө калгандардын баарын тегиздеп туруп калктын алаканына салып берүүнүн убактысы келди. Мындай кадамдар жасалбаса демократия дегендин көркү ачылбайт, бийликке ишеним жаралбайт.
Булак: "Ачык сөз"