www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-сентябрда «Максат» чек ара аймагындагы «Футболдук талаасында» орун алган окуя боюнча бүгүн, КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажик коллегасы Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда, Ч.Айдарбеков Тажик Республикасынын чек ара кызматкерлери Баткен облусундагы Лейлек районундагы“Максат” жана “Сай”чек ара постундагы аскерлерге карата курал жарактан ок чыгарбашы керек болчу деген позициясын так билдирди.

Ошол эле учурда Ч.Айдарбеков коллегасына Кыргызстандын чек ара постуна кол салуу маалында бир кыргызстандык чек ара кызматынын жоокери курман болуп, дагы экөө октон жарадар болгондугун маалымдады.

КРнын Тышкы иштер ведомствосунун башчысы сүйлөшүү маалында тажик чек арачылары конфликт учурунда миномет колдонгондугуна көңүл бурду.

Последние новости