www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен күйөөм менен болгону он үч жыл гана жашадым. Кудайымдын буйругу экен ал оо дүйнөгө узап кетти. Күйөөмдөн ажыраганыма арадан көп жыл өтүп кетти. Андан эки кыз калды, эркек бала төрөй албадым. Азыр алар күйөөгө чыгып, үйлүү-жайлуу дегендей, неберелүүмүн. Жаткан жери жайлуу болсун, ыраматылык.., жер жамандап барбасын...

Жыйырма жашымда ал мени айылдын трактору менен үч-төрт бала болуп кечке маал көчөдө аңдып турушуп күчкө салып ала качып кетишкен. Анан "таш түшкөн жерине оор" дегендей, мен ошол айылдын келини болуп калбадымбы.

Эмнесин айтайын, бул менин ыймандай сырым, күйөөгө тийгени дегеле андан бир жакшылык көргөн жокмун. Күйөөм көп иччү, акырындап отуруп ичкиликке берилип кеткен, өзү завсклад болуп иштеп арам акчалар чөнтөгүндө жүрчү. Ал эми ичкенде жөн ичпей үйгө келгенде жөндөн жөн эле шылтоолорду таап алып мени сабачу. Сабаганда да кандай дейсиң, эркек бала менен мушташкандай чоң муштуму менен былчылдатып уруп, көк ала койдой кылып салчу. Арадан бир жыл өтпөй кыздуу болдук. Ал болсо ичкенин дагы, мени сабаганын да токтоткону жок. Кээде чыбык алып мени санга, таманга чаап сабачу. Андан ушунчалык ооруурун өзү да билсе керек сыягы.

Бир жолу кайнатама куран окутканбыз, анан эшикке чыгып ичип алып келиптир, ичкен кишиге айла жок экен, ошо күнү "ичпей кое тур, куран окутабыз" дегенбиз. Болбой эле ичип алыптыр. Анан адатынча мас болуп келип алып мени сабап кирди. Мен берки үйгө кире качтым. Аркы бөлмөдө бакырган үн чыкты, бир аз убакыттан кийин сопсоо болуп чыгып келди.

Таң калдым, азыр эле өлө мас эмес беле? Көрсө, мындайча болуптур, ал мени сабап баштаганда, мен берки белмөгө качып чыкканда аппак сакалчан, аппак кийинген киши пайда болуп "аялга кол көтөрбө!" деп туруп күйөөмдү жаакка чаап жибериптир. Мен ага ишенбейт элем, бирок оң жак жаагында кыпкызыл болуп алакандын изи калыптыр. Анын жоошуп калганы да ошондон экен. Акыркы күндөрү ичкенден кийин эле бир жаман адат таап алган. Мени жерге бутумду сундуруп отургузат да "Кана, мен өлдүм, сен мага кошок кошчу, мен угайын жакшылап..." деп мени кошок кошконго мажбурлай берчү.

"Жинди го дейм мобул, мен тирүү кишиге кошок кошмок белем, турчу ары" деп адегенде ачуулана аны ары түртүп салчумун. Дагы бир күнү ошол адатын карматканда ачуум менен аны бутум менен итерип башка тээп жибергем. Ошондо кандайдыр бир добуш келип "теппе күйөөңдү башка, балалуу болбой каласың" деп бөлмө ичи жанырып кетти. Аны мен гана уккансыдым. Ошондон кийин мен эркек бала да төрөгөн жокмун. Ал эми күйөөм эркек баланы аябай каалачу. Дагы бир жолу мас болуп келип мени бутум сундуруп отургузуп "Мен сени дайыма кордойм ийе, чын, аны мойнума алам. Эми ошондой кылып кошок кошчу, мен угайын" деп мени мажбурлай баштады. Биринчиден, мен кошок кошконду билчү эмесмин, экинчиден, тирүү адамга каяктан кошок кошмок элем. Ал мени мажбурлап айламды кетире баштады, кеч күүгүм болчу. Бир кезде катуу бакырган ачуу үн угулуп, күйөөм ордунан атып туруп эки жагын элеңдей карады. Ал мага гана эмес, ага да угулуптур, дароо эшикке чыгып кетти. Ошондон кийин бир топ убакытка чейин тийишпей калган, "мага кошок кош" дегенин токтоткон. Анан эле кайрадан ошол адатын кармата баштаса болобу. Тим эле мени күчкө салып мажбурлайт. Өлөөрүнө аз калганда күнүнө мажбурлачу, а мен болсо кошок кошконду билбесем эмне кылайын. Ошо күнү да күндүзү келип алып мени мажбурлаган "мен азыр өлөм, сен мага кошок кошосун, жакшылап кошок кош" - деп катуу суранып мажбурлаган.

"Мен сени аябай сабачумун ийе, мен күнөөкөрмүн, ошолордун бардыгын кошогуңа кош". Сыягы, ага кандайдыр бир аян берсе керек да. Кечинде үйдө отурганда кандайдыр бир ачуу кыйкырык чыгып жүрөгүм болк дей түштү. Айланага караңгы кирип калган болчу, күйөөм короонун ичинде тизелеп онтоп жатыптыр. "Эгер мен өлсөм, эгер мен өлүп кала турган болсом Ишенбай менен Карабек күнөөлүү. Ошолор менин түбүмө жетишти" деди ал онтоп.

Айткандай эле бир саатка жетпей күйөөм каза болуп калды. Көрсө, алар кечинде бир жерди ичип жатып мушташа кетишип, күйөөмдү катуу түрткөндө ал жерге катуу жыгылып, шиш казык анын башына кирип кетиптир. Сызылып агып жаткан канды эптеп токтотушуп, үйгө чейин жетелеп келип, эшиктин алдына отургузуп кетип калышыптыр. Кара кийинип алып боз үй ичинде отурганда кошок кошуп жаткан бир аялдын үнү угулду. Бул аял каяктан пайда болду билбейм, мурун дегеле көрбөптүрмүн аны. Ошондо "кошок кош" деп күйөөмдүн мажбурлап жатканы эсиме түшүп кетти. Ал мени эмнеге ушунчалык мажбурлады билбейм. Кээде өзүмчө отуруп алып ойлоп кетем "кошок кош" деп кайра-кайра мени мажбурлап жатып өлүмдү өзү суранып алды окшойт, же жүрөгү сезип жүргөнбү, же аян берип жүргөнбү, акыркы күндөрү ушул сөздү аябай көп сүйлөчү. Ал болгону отуз үч жашта гана болчу. Ошол боюнча мен күйөөгө да чыккан жокмун. Эки кызымды багып чоңойтуп эрезеге жеткирдим. Анын үстүнө эркектерден дагы ушунчалык көңүлүм калыптыр. Ал эми азыркыга чейин кошок эмне экенин билбейм. Дегеле азыркы аялдардын кошок кошконун көрө элекмин. Деги жер жамандап барбасын, туура эмес айтып алсам, Кудайым өзү кечирсин. Баарыбыз деле оо дүйнөгө кетебиз дечи, эрте кетти, жаш кетти, күйөөмдүн жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун демекчимин. Анын өтүнүчү боюнча өлгөндө да кошок кошо албадым. Андан да кечирим сурайм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости