www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эртең, 18-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны кезексиз  Кыргыз-Тажик чек ара маселесин карашы керек!” Мындай пикирин бүгүн депутат Исхак Масалиев, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отрумунда билдирди.

-Биз чек ара боюнча токтом кабыл алганбыз. Аны кабыл алгандан бери иш тескери кетип жатат. Маселени тезинен чечүү зарыл, -дейт Масалиев.

Муну эмне дечү эле, кези келип турганда “сөз атасын өлтүрүп албайын” дегендегиси го деп эле түшүндүк. Ансыз дагы кыргыз-тажик чек арасы коомчулуктун бүйүрүн кызытып турганда, айтпаса да эртең, “ушинтип айтайын, минтип коеюн” деп бир топ депутаттар даярдык көрүп жатканы ырас. 

Болбосо токтомду чыгарып койсо эле иш өзүнөн-өзү эле жыла бербеси анык да. Ошондуктан куру популизимге алдырып кыйкыра бергенде тажиктер жер талашпай калышабы? 

Кыскасы, эл силерден маселенин оң тарапка чечилиши боюнча кардиналдуу иш аракеттерди күтөт!

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости