www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңго Демократиялык Республикасында Эбола вирусунун жайылышынан каза болгондордун саны 1 миң 405 адамга жетти. Эпидемия башталгандан бери жалпысынан болжол менен 3,2 миң жуктуруп алуу учурлары катталган.

Акыркы 10 күндүн ичинде тастыкталган учурлардын саны болжол менен миңге көбөйдү. Оорунун жайылышы өлкөнүн беш провинциясын камтып, анын ичинде эки жаңы аймакта да аныкталды.

ДР Конгонун бийлиги көрсөткүчтөрдүн өсүшү вирустун жайылышы менен гана эмес, ооруну аныктоо системасынын жакшырышы жана тестирлөөнүн кеңейиши менен да байланыштуу экенин белгилешүүдө. Бирок адистер эпидемия дагы бир нече айга созулушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Абалды Bundibugyo штаммынын таралышы татаалдаштырууда. Вирустун бул түрү үчүн азырынча расмий түрдө бекитилген вакцина же атайын дарылоо ыкмасы жок болгондуктан, медициналык кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бойдон калууда.

Оорунун эң көп учурлары өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Итури провинциясында катталган — бардык катталган учурлардын болжол менен 90 пайызы ушул аймакка туура келет. Бул регион Уганда жана Түштүк Судан менен чектешкендиктен, инфекциянын жайылышын көзөмөлдөө дагы да кыйын болуп жатат.

Последние новости