www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Пакистан жүктөрдү ташуу үчүн Кытай аркылуу өтүүчү жаңы транзиттик коридорду расмий түрдө колдонууга макулдашты. Бул багыт эки өлкөнүн ортосундагы сооданы үзгүлтүксүз жүргүзүүгө жана тобокелчиликтерди азайтууга багытталган.

Жаңы каттам Пакистандын Сост кургак порту аркылуу Кытайга өтүп, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө чыгат. Мындай чечим Ооганстандагы коопсуздук маселелери жана Ирандагы туруксуз кырдаалдан улам кабыл алынды.

2025-жылы Өзбекстан менен Пакистан ортосундагы товар жүгүртүү 445,9 миллион долларга жеткен. Жаңы коридор эки өлкөнүн соода байланышын бекемдеп, Кытайдын аймактагы негизги логистикалык борбор катары ролун дагы да күчөтөрү күтүлүүдө.

Последние новости