www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга каршы санкциялар жана Украинаны агрессияга түртүп жатканы карапайым америкалыктарга катуу сокку болууда, деп билдирди америкалык конгрессмен Марджори Тейлор Грин Fox News телеканалына. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «АКШнын президенти Байден бүткүл эл аралык коомчулукту буга кийлигишүүгө үндөйт. Анткени анын каалаганы – согуштун чыгышы», деди Грин .

Саясатчынын айтымында, ушундай жол менен америкалык лидер АКШдагы азык-түлүк кризисинин курчушу үчүн провокация жасап, мекендештерине каршы чыгууда. Ал, ошондой эле, мындай риториканы анын Конгресстеги кесиптештери жарым-жартылай гана колдогонуна нааразы.

«Мен алардын биздин чек араларды коргоого, кылмыштуулукка, көзөмөлсүз инфляцияга жана бензинге болгон баага кам көрүшүн каалайм. Бирок, мунун ордуна бир катар саясатчылар Орусия менен өздөрүнүн тирешүүсүн ачууну каалап жатат, бул «сөзсүз ачарчылыкка жана азапчылыкка» алып барат», - деп кошумчалаган Грин.

«Украина буудайдын алдыңкы экспортерлорунун бири. Ал жерде азыр жүрүп жаткан согуштун натыйжасында биздин өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу жок, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ачарчылык болот. Адамдар өлөт. Мисалы, Камерунда, Өкмөт буудайдын жетишсиздигинен улам нандын баасы кырк пайыздан ашык кымбаттап жатканын айтууда», - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Байден Украинадагы окуялардан улам дүйнө азык-түлүк тартыштыгына дуушар болуп жатканын жана санкциялардын баасын «Орусия гана эмес, башка көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Европа өлкөлөрү да төлөп жатканын» мойнуна алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости