www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Өткөндөгү Украинадагы кырдаал боюнча эки тараптын пропагандасы тууралуу кеп башталып, уланбай, кыска айтылып калды эле, маекти ошол жерден улайлы. Орус пропагандасы менен Батыш пропагандасынын аракеттери, өзгөчөлүктөрү тууралуу кандай ойдосуз?

-- Аналитиктер азыр маалыматтык согуштун ролун атышып, кырылышкан согуштан жогору баалап жатышат. Адамдардын аңсезимин буруп, колдоо таап, ишендирип алуу аркылуу жеңишти камсыздаса болорун, шаарларды талкалап, адамдарды кырып согушканга караганда, каражат да аз сарпталарын айтышып, маалымат согушуна да эбегейсиз миллиондорду бөлүп, болуп көрбөгөндөй айгышкан акыйнек айтышуулар жүрүп жатат.

Батыш орустун маалыматын өзүнүн аймагынан такыр жаап, бир жактуу, өзүнө ылайыктуу пропаганданы гана жайылтууда. Анткени орустун пропагандасы тараткан маалыматтар Батышка таркатыла берсе, АКШ менен НАТОнун абийири айрандай төгүлүп, алардын эли беттерине түкүрө баштамак. Буларга жооп иретинде Орусия да батыштык ЖМКларды, оруска каршы иштеген соцтармактарды жапты.

“Батышка чындык жетпесе койсун, укпасын, өз элибизге чындыкты жеткирсек болду” деп аракеттенишүүдө. Орустун пропагандасы чындыкка басым жасап, калп аралаштырбаганга, аудитория ишенимине туруктуу ээ болгонго аракет кылат. Жыйынтык жаман эмес. Орусиянын калкынын 80%га жакыны Украинадагы согуштун келип чыгышынын себептерин АКШ менен НАТОнун туруктуу Чыгышка жылжып келишинен көрүшүп, орус бийлигинин алдын ала караган чараларын колдошуп, операцияны аягына чыгарууну талап кылышууда.

Батыштын пропагандасы да тынымсыз иш алып барууда. Алар чегиртке каптагандай көп. Акча да арбын чачылып, атаандаштык күч. Аларда чындыкка караганда сенсация баалуурактай сезилет. Заказ аткарып аткан маалымат жаратуучулардын дээрлик көпчүлүгү үчүн Батыштын идеологиясынын туруктуулугу, келечеги анча маанилүү эместей. Акча алса болду.

Ошондуктан Батыш пропагандасында фейк басымдуу, көбү бир суткага жетпей ачыкталып, калпы чыгып отурат. Фейктерге эски, Украинага тийешеси жок сүрөттөр, видеолор тиркелип кете берет. Украинанын аскердик инфраструктурасы дээрлик талкаланып бүткөнүнө карабастан, бүгүнкү күнгө чейин “жеңиш биздики, контратака башталат” дегенсиген күлкү келтирүүчү маалыматтар таркап жатат.

Батыштагы троллдорду багып аткан кожоюндар кабагым-кашым дебестен, “ой мунуңар калп экен го?” дегиче, дагы жаңы фейктерди кулагыңа тыга салат. Башы маң болгон Батыш обывателдерине талдоого мүмкүнчүлүк берилбей, бир жактуу маалымат менен мээлерин бомбалап, зомби кылуу улантылууда. Батыш пропагандисттери “сен ким элең, сен баары бир эчтеке чечпейсиң. Тирүүсүңбү, ошого кубан.

Тагдырдын кожоюндары чечет” деген ойду таңуулап, аудиторияны туруктуу кармоого аракет да кылышпайт. Андай аракеттин кереги да жок. Аудитория кайда качат? Кайда барбасын, үтүктөн да фейк коюлуп атса. Башка булак жок болсо эмне кылат байкуштар?

-- Биздеги батышчыл пропагандисттер менен айтыша калып атасың, аларга кандай баа берет элең? Негизги өзгөчөлүктөрү эмнеде?

-- Биздеги батышчылдар заданный рамкада гана аракеттенишери ачык байкалууда. Алардын слабый жери ушунда. Алар “Орусия, Путин агрессор, Украинада эч күнөө жок. Украиналыктар эр экен, орусту талкалап, кырып салды ж.б.”.

Андан ары орустарды, президентин боктоп шыбамай, алардын балдарынан бери кырып жок кылууга үндөмөй. Батышчылдар Украинадагы согуштун келип чыгуу себептерин, АКШ менен НАТОнун ролун, Орусияны талкалоо пландарын, биолаборатория, атом бомба, Украинада кайрадан жанданган неонацизмди, алар тууалуу фактыларды айтуудан качышат. Ал маселелер тууралуу жазгандар кожоюндарга жакпасын билишет, ооз ачышпайт, материалдык жактан да пайдасыз.

Айткандарынын аннотациясы “орустар, Путин агрессор”, “акмак”, “күнөөлүү”, “Украина запкы чегип атат, акыры жеңет” деген бир куплет. Болгону ушу. Анан ошондой ограниченный коридордо кантип коомдун көңүлүн бурганга болот? Бирок алар токтоп калмак беле? Билгенин ырдай беришет. Бирок аларды колдогондор аз.

Соцтармактардан деле ачык эле байкасаңар болот. Негизи кыргызстандыктардын дээрлик көпчүлүгү орустардын айтканын туура көрүшүп, ишенип, колдоп турушат.

-- Бул согуштун келип чыгуу себептерин далай жолу айтып келесиң, биздин гезиттин окурмандары үчүн дагы бир ирет кыскача токтоло кетесиңби, анча болду?

-- Албетте. Өзүм да ошону айтсам деп турдум эле. Рахмат сурооңо. Украина 8 жылдан бери чыгышындагы орус тилдүү калкка зомбулук көрсөтүп, бомбалап келди. Ал аз келгенсип, коңшу, бир тууган орус элин СССРдей кылып талкалап, бөлүп-талап алууну көздөп, 30 жылдан бери Чыгышка жылжып жылып келе жаткан НАТО менен АКШга колтук ачып, аларга аймагын плацдарм кылып салып, вероломно кол салууга даярданып, 250 миң аскерин топтоду.

Ядролук курал, биолабораториялар да орусту тыптыйпыл талкалоого жасалган аракеттердин далили. Орусия баарын көрүпбилип турду. Коопсуздукту биргелешип чечүүгө чакырды, эскертти. Такыр угушпады го?.. "Сүйлөй берет, орус алсыз, колунан эчтеке келбейт, жыла беребиз, аз калды, талкалайбыз" деп токтошподу.

Алдын албаса Ростов менен Воронежден кайра кайрып, эли кырылып, чарбасы, шаарлары талкаланарына көзү жеткен Путин аргасыз чараларды көрүүгө мажбур болуп, алдын ала сокку урууда. Ал өзүнүн элинин, мамлекетинин коопсуздугун сактоого милдеттүү, ошол милдетин аткарып атат. Ойлонбой, Батышка ишеним арткан Украина эмне болду?

Аскердик инфраструктурасы дээрлик талкаланды, согушка жарактуу ВСУ менен нацбаттар курчоодо, эли азапка малынып, өлүп, качып жүрөт. Тукуруп, курал, ок-дары менен шыкаган Батыш жардамга келе албастыгы, орустан коркоору да ачык айкын болду.

Батыш "акыркы украин калганча согушабыз" деп курал, акча бөлүп, отко май бүркүп, накта арам, жырткычтык жүзүн даана көргөздү. Батышка Украинанын тагдыры бир тыйын, алар согуш көп жылга созулуп, орус алсырап, канаты кайрылсын (!) деп аракеттенип атканы айдан ачык болуп калды.

АКШнын Орусия эле эмес, Европаны да алсыратып, бут сүргүч тряпка кылуу аракетин Батыш өлкөлөрү деле түшүнүп турушат. Айлалары жок. Лидерлерин ЦРУ тирсегинен илип алган, крючокто. Элдеринин келечегине балта чаап, өзүлөрүн өздөрү бутка атууну улантышууда.

Украинага жардамга киргенден, курал бергенден коркуп калган Батыш истерика болуп чээнинде чаңырып, Украинанын соодасы бүткөнүн түшүнүп, эми Польшаны негизги “антироссия” кылып отко салуу ниети бар. Батыштын беткабы сыйрылды.

Орусиянын арам ойлуу нак душманы АКШнын президенти Байден фронтко – Брюсселден Польшага келе жатат. Батыштын "орус агрессор, Украина жертва" деген истерикасын орустар уруп ойнобойт, "кто с мечом придет, от меча и погибнет" деп баарына даяр турат. Моралдык укугу бар, эли колдойт, Батыш өзү катылды, өзүнөн көрсүн...

Булак: Азия News гезити

Последние новости