www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баяндамада Вашингтон союздаштары менен аскердик биримдигин чыңдап, аларга инвестициялоону улантууга тийиш экени жазылган.

 АКШ Кытай жана Россия менен атаандаша албайт, ал эми кармашса жеңбейт. Бул тууралуу АКШнын коргонуу стратегиясы боюнча комиссиясынын баяндамасында айтылганын РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, америкалык конгрессмендер аталган комиссияга улуттук коргонуу жаатында талдоо жүргүзүүгө жана сунуштарды киргизүүгө ыйгарым укук берген.

Баяндамада Вашингтон союздаштары менен аскердик биримдикти чыңдап, аларга инвестициялоону улантууга тийиш экени жазылган. Белгиленгендей, АКШнын Куралдуу күчтөрү өнөктөштөрүнүн күчү жана милдеттемелерин эске алып кадам ташташы керек.

"АКШ Кытай, Россия жана алардын өнөктөштөрү менен жалгыз кармаша албайт. Албетте, мындай жол менен согушта да жеңбейт", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле документте тең ата өлкө менен согуш чыгып кетсе кесепети АКШ үчүн жаман болору жазылган. Анын ичинде товар ташуу системасы бузулуп, америка экономикасы жана курал чыгаруу тармагы үчүн зарыл чийки затты алуу кыйындаарын белгилешкен. Мындан тышкары, Вашингтондун космостогу объектилерине коркунуч жараларын кошумчалашкан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости