www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Украинада атайын операциясы башталгандан тарта Киевге көрсөтүлгөн көмөк 55,4 миллиард доллар болгону айтылды.

 Жозеф Байдендин президенттиги учурунда АКШ Украинага берген аскердик жардамдын суммасы 56,1 миллиард доллардан ашты. Бул туурасында Пентагон билдиргенин РИА Новости жазды.

"Америка Кошмо Штаттары Байдендин администрациясы иштей баштагандан тарта Украинанын коопсуздугу үчүн жардам катарында 56,1 миллиард доллар бөлгөн", — деп аталат билдирүүдө.

2022-жылдын 24-февралынан, Россиянын атайын операциясы башталгандан тарта, көрсөтүлгөн көмөк 55,4 миллиард доллар болгону айтылды.

Дүйшөмбүдө Пентагондон Киевге Украинанын колдоо фондусунан 1,5 миллиард доллар карай турганын билдиришкен. Мындан сырткары, президенттик ыйгарым укуктардын алкагында дагы 200 миллион доллар берилери айтылды.

Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы кесепеттүү болорун да бир нече ирет белгилеген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости