www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда соңку бир сутка ичинде дагы 1740 кишиден коронавирус табылды. Анын ичинен вирус жуктургандардын эң көбү Нур-Султан калаасында - 251, Алматы шаарында 220 киши катталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Ушуну менен расмий маалымат боюнча, Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы саны 80 226 адамды түздү. Коңшу мамлекет бул көрсөткүч менен карантин чараларын киргизбеген Швецияны ашып өттү. Каза болгондордун саны 585ке жетти.

Казакстан коронавирус жуккандардын саны боюнча дүйнөдө Кытайдын кийинки эле 27-тизмеде турат.

Министрлик ушул жумада адам курмандыктарынын саны 610го жеткенин кабарлады. Коронавирус аныкталып каза болгон дагы 319 киши тизмеге кошулган жок. Бул алар башка оору менен да жабыркап жүргөнү менен түшүндүрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости