www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда сутка ичинде 350 жарандан коронавирус аныкталып, өлкөдө ооругандардын саны жалпы 15 миң 542ге жетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 259 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылса, 7 киши каза болду. Муну менен коңшу өлкөдө айыккандар - 9 миң 647, каза болгондор - 88ге жетти.

Ооруп калганы аныкталган бейтаптардын арасында 6 миң 175 жаранда илдеттин белгилери байкалбай өтүп жатат.

Казактсандын айрым аймактарында эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Мындан улам бийлик дагы бир аймакта, тагыраагы, Кызылорда облусунда карантин чараларын күчөтүп, бир катар ишмердүүлүктөрдүн ишин токтотту. Ал эми эпидемиологиялык абал турукташканга чейин облус тургундарына эл көп топтолуучу жерлерде медициналык бет кап тагынуу милдеттендирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости