www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны акыркы суткада 13гө жетсе, Өзбекстанда жаңы типтеги вирусту жуктургандардын саны 8ге жетти. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрлери кабарлады.

Маалыматка караганда, Казакстанда вирус жуктургандардын арасында 12 жаштагы кыз менен эки жашар бөбөк да бар. Негизинен эки өлкөдөн тең Франция, Германия жана Италиядан кайтып келгендерден коронавирус аныкталган.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга караганда вирусту дүйнө жүзү боюнча 182 миңден ашык адам жуктуруп алса,  79 миңден ашуун киши дарыланып, ооруканадан чыгарылган. Ошол эле учурда бул илдеттен 7154 адам каза тапты.

Эске сала кетсек, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган. Ал эми  Кыргызстандын саламаттык сактоо министрилиги өлкөдө коронавирус жуктургандар каттала элек экенин маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости