www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын түштүгүндө жайгашкан Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз оору тарады. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, белгисиз ооруга 800дөн ашык адам чалдыгып, бир адам каза болгон. Дарт баш айлануу, талма, күтүүсүздөн эс-учун жоготуу, оозунан көбүк чыгуу, безгек, калтырак басуу менен коштолот. Жергиликтүү бийлик бул илдеттин адамдан адамга жукпасын айтышууда. Ошондой эле алар дарттын пайда болуу себебин суунун булганычтыгы менен байланыштырат.
Буга чейин Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз оорудан 350дөн ашык адам ооруканага жаткырылып, бир адам каза болгондугу кабарланган.
Дарыгерлер канды изилдеп, мээнин компьютердик томографиясын жүргүзүп көрүшүп, бирок күтүүсүз оорунун себебин аныктай алышкан эмес.
Оорунун себебин аныктоо үчүн Улуттук тамактануу институтунун, Химиялык технология институтунун жана Бүткүл Индия медициналык илимдер институтунун дарыгерлеринен турган топ аталган штатка жөнөтүлдү.
Булак: NazarNews.kg