www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 7-8-декабрь күндөрү ИИМнин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) демилгеси менен уюштурулган диний экстремизмди алдын алуу максатында, «Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний ошондой эле мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада Ош шаарынын ички иштер кызматкерлерине, Ош шаардык билим берүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жаштар комитетинин, борборлорунун өкүлдөрүнө жана Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечиттердин молдолору менен семинар, жолугушуулар болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чараларга Ош шаарынын аймагында жайгашкан 23 мектептин мугалимдери, 78 мечиттин имамдары, 7 муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү жана Ош шаардык ИИБнин жашы жете электердин инспекциясынын инспекторлору, аймактык тескөөчүлөрү, ЭММКАКнын кызматкерлери катышты.

Жолугуушуда Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЭММКАКнын Теологиялык изилдөөлөр жана методикалык уюштуруу жана кибер коркунучтарды алдын алуу бөлүмдөрүнүн кызматкери Манас Аманбаев мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо боюнча алдын алуу коопсуздук жана мыйзам бузууларга жол бербөө максатында дин кызматкерлеринин шайлоо учурунда үгүттөө иштерине аралашпоого, мыйзам чегинде жоопкерчилик каралгандыгы тууралуу эскертип өттү жана диний экстремизмди алдын алуу, болтурбоо үчүн молдолордун ролу эл алдында чоң экендигин жана укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барууну сунушташты.

Ошондой эле жогоруда аталган мекеменин кызматкерлери Медер Карабаев, Илгиз Ырысбаев Ош шаарынын билим берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө, Ош шаардык ШИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө жана аймактык тескөөчүлөрүнө интернет айдынындагы жана социалдык тармактардагы жаштардын радикалдашуусун жана диний экстремизмдин алдын алуу багытындагы иш-чараларды өткөрүү маанилүү экендигин жана COVID-19 илдетине байланыштуу, санитардык эрежелерди мектептерде жана намаз учурунда мечиттерде сакталышын көзөмөлдөп турууну эскертти.

Аталган семинар жолугушуулардын аягында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан диний экстермизмдин алдын алуу боюнча даярдалган 5 миңге жакын усулдук китепчелер, буклеттер, эстеткичтер таратылды.

Белгилей кетсек, мындай иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости