www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык кеңешмеге философтордун кандай тиешеси бар?

Бүгүн, 27-ноябрда Конституциялык кеңешменин ишмердүүлүгү боюнча маалымат жыйын өтүп жатат.

Жыйын учурунда NazarNews маалымат агенттигинин кабарчысы “Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү кандай критерийлердин негизинде тандалып алынат” деген суроо узатты:

«Конституциялык кеңешмеге бардык тармактын адистери кирген. Азыр коомчулукта кеңешменин курамына “философтор кирип алыптыр” деген сөздөр айтылып жатат. Албетте ар бир адам өзүнүн ой-пикирин айтканга укугу бар. Бирок философия эмненин негизин түзөт? Бул (Базис жана надстройка) тарыхтын консепцияларын, коомдук пикирди,саясий жана идеологиялык мамилелерди чагылдырат. Буга мисал катары айта кетсем, кечээки жыйында “светтик мамлекет" деген сөздү Конституциядан алып салуу боюнча маселени карап жатканда, Дин тармагында иштеп кеткен Заирбек Эргешов көп нерсени түшүндүрүп берди.

Өлкөдө 30га жакын диний уюмдар бар. Эгер биз светтик деген сөздү алып сала турган болсок, анда алардын укуктары ченелип калат.Ошондуктан конституциялык кеңешмеге ар кайсы тармактагы адамдардын кириши өтө маанилүү», - дейт «Конституциялык түзүлүштүн негиздери» секциясынын жетекчиси Урмат Аманалиев 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости