www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Октябрь районунун мурдагы акими Константин Куценко үй камагына чыгарылды. Мындай чечим Биринчи Май районундук сотунда чыкканын Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 24-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Куценко "соттун чечими менен конфискация боло турган жер тилкесинин ээсин алмаштыруу" боюнча коррупциялык схеманы аныктоо ишинин алкагында кармалганын, факт боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Ошол эле күнү район башчысы болуп быйыл октябрдагы бийлик алмашуудан кийинки окуялар учурунда дайындалган Куценко өз арызынын негизинде иштен алынган.

Финполдун басма сөз кызматы буга чейин билдиргендей, 2016-жылы айрым адамдар киреше алуу максатында өз байланыштарын пайдаланып, президенттик аппараттын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, сот органдарынын өкүлдөрү менен туруктуу байланыш түзүп алышкан. Алар сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалап, «Г.Э.» ишканасынын кызыкчылыгын көздөп, мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарган. Факт боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча сектор башчысы жана Бишкектин район аралык сотунун мурдагы судьясы кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости