www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык сотко Конституцияга расмий чечмелөө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун сунуштамасы келип түштү. Бул тууралуу Конституциялык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сунуштамада көрсөтүлгөндөй, кайрылуунун зарылдыгы коомдук-саясий мейкиндикте жана эксперттик чөйрөдө кызуу талкуулардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн, ошондой эле кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоолорду дайындоо тартибин жөнгө салуучу конституциялык жоболорду карама-каршы түшүнүктүн пайда болушу менен шартталган.

Ошондой эле 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору, бир катар эксперттердин пикири боюнча, коллизияны жаратып, Кыргыз Республикасынын Конституциясына (Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамынын редакциясында) ылайык шайланган Президенттин ыйгарым укуктарынын башталышын жана узактыгын бир түрдүү эмес чечмелөөгө жол берери көрсөтүлгөн.

Юристтер, укук таануучулар жана коомдук ишмерлер тарабынан айтылган карама-каршы укуктук позициялар мамлекеттик бийлик институттарынын туруктуу жана мыйзамдуу иштеши үчүн фундаменталдык мааниге ээ болгон маселелер боюнча конституциялык-укуктук аныксыздык пайда болгонун көрсөтөт деп белгиленген.

Сунушталган материалдарга ылайык, көрсөтүлгөн аныксыздык конституциялык түзүлүштүн негиздерине, элдик бийликтин принцибине, Конституциянын үстөмдүгүнө жана түздөн-түз колдонулушуна, укуктук аныктыкка, Конституцияга жана конституциялык мыйзамдарга ылайык шайлоо өткөрүүнүн тартибине жана мөөнөттөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Муну менен катар бийлик жана шайлоо маселелери коомчулук үчүн маанилүү болгон шартта мындай кайчы пикирлердин сакталышы бул укуктук талаш-тартыштардын курч саясий тирешүү мейкиндигине өтүүсүнө, мамлекеттик институттарга болгон коомчулуктун ишенимине доо кетирүүгө, бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн тобокелдиктерди жаратууга жана социалдык чыңалуунун күчөшүнө өбөлгө түзөт.

 Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылган органдардын аракеттерине карата талаш-тартыштардын келип чыгуу коркунучу сакталууда деп көрсөтүлгөн.

Конституциялык-укуктук аныксыздыкты жоюу, Баш мыйзамдын ченемдерин каалагандай же кеңейтилген чечмелөөнү болтурбоо, мүмкүн болгон конституциялык кризистин алдын алуу, конституциялык укуктук тартиптин үзгүлтүксүздүгүн жана айкындыгын камсыз кылуу, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин калыбына келтирүү жана колдоо, ошондой эле шайлоо процессинин туруктуулугуна кепилдик берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү ченемдери (Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамынын редакциясында) жана 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору менен системалуу өз ара байланышта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамынын редакциясында) 67-беренесине, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 72-беренесинин 1-бөлүгүнө; 

– Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн тартибине жана мөөнөттөрүнө расмий чечмелөө берүүнү;

2. Сунуштаманы биринчи кезектеги тартипте кароону суранган.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан бул сунуштаманы кароо 2026-жылдын 17-февралына дайындалды жана биринчи кезектеги тартипте жазуу жол-жобосу боюнча жүргүзүлөт.

 

Последние новости