www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өлкөнүн сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында мыкты материалга болгон сынактын мөөнөтүн узартты
Урматтуу, кесиптештер!
Сиздерди сот тутумунун ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча сынакка активдүү катышууга чакырабыз.
Материалдарды 2018-жылдын 1-мартына чейин жөнөтсөңүздөр болот.
ЖОБО
Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасындагы мыкты материалга болгон сынак туурасында.
1. Жалпы жобо
Бул жобо Кыргыз Республикасынын сотторунун ишмердүүлүгүнө арналган мыкты журналисттик материал үчүн сынакты өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
Сынактын максаты – КР ЖМКда бийликтин сот бутагынын ишмердүүлүгүн объективдүү жана квалификациялуу чагылдыруу болуп саналат. Сынакты өткөрүүнүн негизги милдеттери болуп:
Соттордун ачык-айкындуулук принциптерин ишке ашыруу, сот
бийлигинин кадыр-баркын жана судьялардын аброюун көтөрүү, сот
адилеттүүгүнө жетишүүдө судьяларга болгон сый-урматка болгон
тарбиялоо;
Эффективдүү маалыматтык алмашууну жана сот бийлик органдары менен массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы кызматташтыкты калыптандыруу;
сот реформасын жүргүзүүдөгү көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу жана сот адилеттигине жетишүү, сот бийлигинин башка бийлик бутактары менен болгон өз ара байланышы;
сот тутумундагы иштер жөнүндө жарандарды маалымдоо, сот бийлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө коомчулуктун пикирин жаратуу;
2. Сынакты өткөрүүнүн шарттары
Сынак Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Кыргыз
Республикасында сот тутумун бекемдөө боюнча USAID-IDLO программасы менен биргеликте өткөрүлүп жатат. Сынакка катышууга материалдар: Бишкек ш., Абдумомунов 205 к., кабыл
алат. КР ЖС Басма сөз кызматы, 0(312) 66-32- 05 e-mail: [email protected].
Сынакка катышуу үчүн 2017-жылдын 12-октябрынан 2018-жылдын 1- мартына чейин массалык маалымат каражаттарында чыккан басылма материалдар, теле жана радио программалар, сюжеттер кабыл алынат. Жеңүүчүлөрдү аныктоо чечими сынактык комиссиянын отурумунда кабыл алынат. Сынакка болгон материалдар журналисттин өзү тарабынан, же болбосо гезиттин, телерадиокомпаниялардын редакциялык коллегиясы, каалаган жарандар тарабынан кабыл алынат. Сынакка сот органдарындагы басма сөз кызматынын өкүлдөрү катыша алышпайт.
Гезит жана журналдагы басылмалар сынакка түп нускасы же болбосо көчүрмөсү, басылманын аталышы, номери жана чыккан күнү көрсөтүлүп берилиши керек.
Телевизиондук сюжеттер телеканалдын, программанын аталышы, күнү жана биринчи чыккан убактысы көрсөтүлүп, дискке көчүрүлүп берилиши зарыл.
Радиосюжеттер программанын аталышы, эфирге чыккан күнү жана убактысы дискке көчүрүлүп, кайсыл радиостанция экендиги көрсөтүлүп берилиши керек. Сынактык материалдарга автор тууралуу малыматтар тиркелиши абзел: аты-жөнү, иштеген жери, кызматы, байланыш телефондору. Сынакка жөнөтүлгөн материалдар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.
3. Сынактын номинациялары
Сынак кийинки номинациялар боюнча өткөрүлөт:
1. «Эң мыкты басылма материал»;
2. «Эң мыкты радио материал»;
3. «Эң мыкты ТВ материал»;
4. «Эң мыкты интернет басылма».
5. Сынактын жыйынтыктарын чыгаруу
Сынакка жөнөтүлгөн материалдар сынактык комиссия тарабынан бааланат. Профессионалдуулук жана чагылдырып жаткан көйгөйдү же болбосо маселени түшүнүү, материалды баяндоонун жеткиликтүүлүгү; Материалдын объективдүүлүгү жана тактыгы, чыккан материалдарда туура эмес, аша чапкан, компетенттүү эмес жыйынтыктар чыгарылбашы керек;
Козголуп жаткан көйгөйдүн актуалдуулугу жана социалдык
маанилүүлүгү, анын калктын калың катмарына болгон пайдасы;
Коомдук резонанс.
Сынактын жыйынтыктары салтанаттуу түрдө жарыяланат.
Булак: NazarNews.kg