www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук дааратканалар текшерилет

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы коомдук дааратканалардын баарын текшерип чыгууну санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлерине тапшырды.

Мекеменин буйругунда коомдук дааратканалардын сүрөттөрү Интернетке улам тарап жаткандыктан ушундай чечим кабыл алынганы жазылган.

Ал эми Ош облустук санэпидстанциясынын учурда ооруканада жаткан жетекчиси Светлана Шерматова өзүнө караштуу аймактагы коомдук дааратканаларды бир жыл ичинде тазалоого убада берди.

26-февралда Ош шаардык санэпидстанциясынын коомдук дааратканасынын сүрөттөрү Интернетте тарап, коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости