www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерге берүү зыйнаты өзүнүн кичи мекени Талас облусунун, Кара-Буура рвйонунун, Кызыл-Адыр айылында өтүп жатат. Маркумдун туугандарына көңүл айтуу үчүн Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев, Бакыт Сыдыков, Калдарбек Баймуратов, Марлен Маматалиев, Сагындык Келдибаев жана башка Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев жана башка саясий, коомдук ишмерлер катышышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабековдун көңүл айтуу сөзүн депутат Кенжебек Бокоев окуп берди.

Эске салсак Сейитбек Жээнчероев Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчоревдин чоң атасы. Көңүл айтуу Жээнчороев Сейитбек Бообекович 1949-жылы 21-мартта Талас облусунун, ошол кездеги Киров азыркы Кара-Буура районунун Суулу-Маймак айылында жарык дүйнөгө келген.

1956-жылы Грозный орто мектебине биринчи класска кирип, 1966-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1967-жылы Скрябин атындагы айыл-чарба институтуна окууга өтүп, 1972-жылы аяктаган. Сейитбек Бообекович эмгек жолун ошол эле 1972-жылы Киров районундагы Госплемстанциянын улук ветеринар врач кесибинен баштаган. Алгачкы ишинде кынтыксыз 3 жылга жакын эмгектенип, кесиптештеринин арасында кадырга ээ болгон.

1975-жылдан 1977-жылга чейин райондук ветеринардык станцияда улук ветеринар врач кызматында эмгектенген.

1977-1979-жылдары Коммунисттик партиянын Киров райондук бөлүмүндө уюштуруу иштери менен алек болсо, 1979-1982-жылдары Киров райондук ветеринардык станциянын жетекчиси кызматын аркалаган. 1982-1985-жылдары Киров районундагы айыл-чарба бөлүмүнүн башчысы, 1985-1987-жылдары Ташкенттеги жогорку партия мектебинин угуучусу болуп, ал мектепти артыкчылык диплому менен аяктаган.

1987-1990-жылдары Киров райондук компартиянын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы 1995-2001-жылдары Кара-Буура райондук администрация башчысынын орун басары, 2001-жылдан 2006-жылга чейин калкты тейлөө борборунун директору, 2006-жылдан Кара-Буура райондук миграция жана калкты тейлөө комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. Андан тышкары республикабыздагы коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, өз пикирин билдирип келген.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай 1983-жылдан 2000-жылга чейин Аманбаев айылдык жана ошол кездеги Киров райондук эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгонго жетишкен.

1987-1990-жылдары Коммунисттик партиянын Киров райондук бюросунун мүчөсү да болгон. 1991-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку жыйынынын 12-чакырылышынын депутаты болуп элге кызмат кылган.

Алган сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдыгынын юбилейлик медалы, облусттук калкты тейлөө борборунун Ардак грамотасы, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы. Мына ушул жогорку сыйлыктардын ээси, өмүрүнүн баарын мамлекеттик кызматтарга арнап келген Жээнчороев Сейитбек Бообекович 25-апрель 2018-жылы дүйнө салды. Жээнчороев Сейитбек дүйнө дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Үй-бүлөсүнө, жакындарына, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости