www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узакка созулган оорудан көрүнүктүү коомдук ишмер Жалгап Казакбаев 71 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалгап Казакбаев 1949-жылы Панфилов районунун Тельман айылында туулган.

1972-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги «Сетунь» заводунда цехтин башчысынын орун басары, мастер болуп иштөөдөн баштаган.

1974-1983-жылдары Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы «Оргтехника» заводунда цехтин башчысынын орун басары, цехтин башчысы, башкы технолог, башкы инженер, 1983-1987-жылдары Кара-Балта шаарынын «Бакыт» өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору болгон.

1987-1992-жылдары Кара-Балта шаардык кеңешинин, Чүй облусунун кеңешинин төрагасынын орун басары кызматтарын аркалаган. 

1991-жылы Жогорку Кеңештин, легендарлуу парламенттин, 1995-жылы Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты болуп шайланган.

1992-1995-жылдары Кара-Балта тоо-кен комбинатынын генералдык директорунун орун басары, генералдык директору болуп эмгектенген.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана бекемделишине, өлкөнүн социалдык жана экономикалык, тоо-кен өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат.

Жалгап Казакбаевдин жаркын элеси элдин эсинде сакталат, анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Исмаилова А.Ж., Мадумаров А.К., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Исаев К.К., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Мамашова А.Т., Эсеналиев Д. А., Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Бейшенов Ж.С., Осмонбетов Э.К., Опумбаев О.Н., Намазалиев А. А. Кокоев К.К., Иманбеков Т.И., Рустамбеков Дж.С., Эрматов А., Субанбеков Б.Ж., Эсенаманов З.С., Райымкулов Б.К., Азылов Ж.К., ж. б.

Казакбаев Жалгап Ийманбековичтин сөөгү бүгүн, 6-июлда 10:00дө Кара-Балта шаарынын Тельман айылында коюлат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости