www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-июлунан тартып «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы коомдук транспортто жол кирени төлөө тартибин көзөмөлдөө боюнча рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көзөмөлчүлөр жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөндүгүн, ошондой эле банктык карта, QR-код жана башка альтернативдүү төлөм ыкмалары аркылуу төлөгөн учурда электрондук же кагаз түрүндөгү чектин (квитанциянын) бар экенин текшеришет.

Рейддердин максаты – жол кирени төлөө тартибинин сакталышын камсыз кылуу, төлөм системасынын ачыктыгын жогорулатуу жана коомдук транспорттун кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу.

Муниципалдык ишкана жүргүнчүлөрдү жол кирени өз убагында төлөп, төлөмдү ырастаган чекти текшерүү аяктаганга чейин сактап жүрүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 1 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Последние новости