www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мирбек Монолов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
20-июлда жаңы дайындалган жетекчини агенттиктин жамаатына Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Айбек Абдымомунов тааныштырды.
Мирбек Монолов 2001-жылы Нарын мамлекеттик университетинин «Финансы жана кредит» факультетин аяктаган. Эмгек жолун жеке сектордо баштап, кийин Кыргызпатент системасында ар кыл жетекчилик кызматтарды аркалаган.
Ал 2020–2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директорунун орун басары болуп иштеген.
Дайындалганга чейин, 2025-жылдын март айынан тартып «ДОК Университи Госпиталь» ЖЧКсында каржы директору кызматын аркалап келген.