www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япониянын борбору Токиодо катуу ысыктан улам тургундарга эскертүү берилди.
Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, Токиодо абанын температурасы 36 градуска чейин көтөрүлөт.
Аптаптуу аба ырайына байланыштуу өлкөнүн дагы 38 префектурасында ысыктан сактануу боюнча эскертүүлөр күчүндө. Натыйжада, Япониянын 47 префектурасынын 39унда жарандарды ысыктан коргонууга чакырышууда.
Коңшу Сайтама префектурасында температура 38 градуска чейин жетери күтүлүүдө.
Ал эми Нагоя, Киото, Яманаси, Гифу жана Фукуи аймактарында аба ырайы 37 градуска чейин ысыйт.
Метеорологдор өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында, анын ичинде түндүк райондордо да температура климаттык нормадан 2–7 градуска жогору болорун билдиришти.
Токиодо бул көрсөткүч орточо деңгээлден 6 градуска жогору экени белгиленген.
Адистердин божомолуна ылайык, алдыдагы аптада да Япониянын көпчүлүк бөлүгүндө аптаптуу аба ырайы сакталат.
Хоккайдо аралынан Фукуокага чейин температура 30 градустан жогору болот.
Токиодо 36–37 градус, ал эми Нагояда аба 40 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.